Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаа көл жээгине чейин кирип кеткен. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаары менен Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынын ортосундагы пляжда «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көлдүн жээгине кирип келген.

Күбөлөрдүн айтымында, 2024-жылдын 20-июнунда алар жүк ташуучу унаанын түз эле жээкке келгенине күбө болушкан.

Эс алуучулардын айтымында, алар айдоочуга жээкке унаа менен кирүүгө тыюу салынганын билдиришкен.. Бирок эч кандай реакция болгон эмес.

Мындай учурда Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренеси (автоээнбаштык) менен чара колдонулат. Башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети болсо, жеке жактарга 150 (15 000 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE