Ысык-Көлдө тоо көлү жарылган. Суу каптаган жолдун абалын көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБөкөнбаев—Көл-Төр—Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу—Темир-Канат тилкеси каттам үчүн ачыла элек.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, Зындан көлү жарылгандан кийин Тоң дарыясынан ылдый түшкөн суу агымы жолдун тилкесин жууп кеткен. №33 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери суу айылды каптап кетпеши үчүн суунун агымын бурду. Суунун деңгээли төмөндөдү.

Ал эми унаалар Тогуз-Булак айылындагы жана Ак-Сай—Көк-Сай альтернативдик жолу менен каттап жатат.

2024-жылдын 21-августунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда бийик тоолуу Зындан көлүндө жарылуу болду. Мындан улам Тоң дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлдү.

Жүздөгөн адамдар эвакуацияланып, жолдор жабылды. Жергиликтүү бийлик жогорку даярдык режимин жарыялады. Кечке жуук суунун агымы Тоң дарыясына бурулганы белгилүү болду.

Пример HTML-страницы

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти мурдараак жергиликтүү бийликке бийик тоолуу Зындан көлүндө жарылып кетүү коркунучу тууралуу кабарлаган.

Мекеменин директору Даурбек Сакиевдин айтымында, №УН И-167 Зындан Батыш көлүнө дистанциялык мониторинг жана жерди изилдөө боюнча жүргүзүлгөн мониторинг иштерине ылайык, азыркы учурда бурулуштун жогорку коркунучу бар экени кабарланган. Бул көлдүн бетинин аянтындагы өзгөрүүлөргө, температуралык шарттарга, ошондой эле болжолдонгон катуу жаан-чачынга байланыштуу.

ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти бийик тоолуу Зындан көлүнүн (И-167) абалы боюнча болжолдуу маалыматын жөнөтүшкөн. Эксперттер жылыш ыктымалдыгы сентябрдын биринчи жарымына чейин сакталат деп болжолдошкон.

Сакиевдин айтымында, акыркы жолу жергиликтүү бийликке кат 2024-жылдын 19-августунда келген. Ал жерде Зындан көлүнүн жарылып кетүү коркунучу күчөгөнү айтылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 22-августтун таңында көлдүн жылып кетишинен улам 490 адам эвакуацияланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️