Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө тигилген 7 бөлмөлүү боз үй элди аң-таң кылууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Каракол шаарынын түзүлгөндүгүнүн 155 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Анда «Улут баскан улуу жол» бешинчи этнофестивалы уюштурулуп, анын алкагында «Ысык-Көл — боз үй мекени» аталышындагы боз үйлөр сынагы өтүп жатат.

Ичине Кыргызстандын 7 облусун бир түндүккө бириктирген боз үй көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Боз үй 1 чоң жана 7 кичинекей бөлмөдөн турат.

«Бул боз үй көптөн бери оюмда жүргөн. Анан аны ишке ашыралы деп, Акыл деген байкеге айтып берип, экөөбүз зым менен макетин түздүк. 2012-жылы патенттен өткөрүп, биринчилерден болуп жасадык. Бирок чөнтөктөгү акча каражатка байланыштуу ойдогудай мыкты болбой калган. Анан 12 жылдан кийин кайра жасап чыктык. Боз үй 7 бөлмөлүү. Максаты — 7 облустун ынтымагын чагылдыруу. Бүгүн Караколдун 155 жылдыгына карата биринчи жолу тигип жатабыз», — дейт шаар тургуну Салават Имашев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE