Ысык-Көлдө селдин кесепеттерин тазалоого милиционерлер дагы тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-августта кечинде Ысык-Көл районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга милиционерлер да катышууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана ыктыярчылар менен биргеликте жабыркаган тургундарга жардам көрсөтүүдө. Аракет биринчи кезекте сел алып келген ылайга жана таштандыга толгон короолорду жана үйлөрдү тазалоого багытталган. Милициянын кызматкерлери жабыркаган аймактарда күзөт иштерин жүргүзүп, эң кооптуу конуштарда калган жергиликтүү тургундарга көмөк көрсөтүп, тартипти көзөмөлдөп, жарандардын үйлөрүндө калган мүлктөрүн кайтарууда.

Ысык-Көл РИИБдин башчысы Жумгалбек Абиев милиционерлер укук тартибин сактоо боюнча өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин гана аткарбастан, жергиликтүү калктын нормалдуу жашоо шарттарын калыбына келтирүү боюнча социалдык маанилүү иштерге да активдүү катышып жатканын белгиледи.

«Мындай оор күндөрдө, биздин кызматтын маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Биздин кызматкерлер кырсыктын кесепеттерин мүмкүн болушунча тез арада жоюу жана адамдарга кадимки жашоосуна кайтууга жардам берүү үчүн толук кандуу иштеп жатышат», — деди ал.

Милициянын жана башка кызматтардын жүргүзүлгөн тыгыз аракеттеринин аркасында бир катар үйлөр тазаланып, ылай жана таш менен тосулган бир нече көчөлөр калыбына келтирүүгө мүмкүн болду. Жаратылыш кесепеттерин жоюу иштери улантылууда жана Ысык-Көл райондук милиция кызматкерлери бардык зарыл иш-чаралар толук аяктаганга чейин жер-жерлерде кызмат өтөшөт.

Пример HTML-страницы

Окуя тууралуу:

Кечээ, 18-августта кечинде Ысык-Көл районундагы айылдарда сел жүрдү. Райондун аймагында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Корумду, Булан-Сөгөттү, Темир айылдарындагы турак үйлөрдү, ошондой эле «Аврора», «Аврора+», «Нептун» жана «Семирам» пансионаттарынын аймагын суу каптады.

Жети-Өгүз жана Тоң районун аймактарында да сел жүрдү. Тоң районунда сел суулары Кескен-Бел ашуусундагы, тактап айтканда Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун тилкесиндеги каттамды үзгүлтүккө учуратты. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында сел турак үйдү кыйратып, кашарды кыян суу каптады.

Селдин кесепетинен бир нече унаа жолу жабылды. Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Нөшөрлүү жаандан кийин Ысык-Көлдүң өңү жашыл болуп калды.

Буга чейин Кыргызгидромет өлкөнүн аймагында 17-августтан тарта 19-августка чейин аба ырайы туруксуз болорун билдирген.

ӨКМ Ысык-Көл районунда жалпы 143 куткаруучу, 3 мотопомпа тартылып тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Тазалоо иштерин жалпы 348 адам жүргүзүүдө. Тактап айтканда, Ысык-Көл районунан 50 куткаруучу, Балыкчы шаарынан 25 куткаруучу, Каракол шаарынан 25 куткаруучу, Ак-Суу районунан 13 куткаруучу, Түп районунан 15 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 15 кызматкер жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 146 кызматкер, жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер селдин кесепеттерин жоюп жатат. Ошондой эле техникалар тартылды.

Садыр Аке айыл аймагынына караштуу Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарында катуу сел жүргөн.

Булан-Сөгөттү айылындагы «Аврора» санаториясынын аймагын сел каптап, 1-кабатка сел суулары толуп калган. Учурда 5 куткаруучу сел сууларынан сордуруу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле 30 үйдү, 5 дүкөн, 3 эс алуучу жайды кыян суу каптап, 3 чакырым ички жол, 200 метр негизги унаа жол жабыркады.

Ал эми Темир айылында 150 турак үй, 5 дүкөн, 5 чакырым ички жол, 500 метр негизи унаа жол жабыркады.

Корумду айылында 300 турак үйдү, 6 дүкөн, 2 эс алуучу жайды, 5 чакырым ички жолду, 300 чакырым негизги унаа жолду сел суулары каптады.

Ысык-Көл районунда жалпы 380 үй, 11 дүкөн, 5 эс алуу жайын, 13 чакырым ички жол, 1 чакырым негизги унаа жолу жабыркады.

Учурда 100 куткаруучу 3 атайын техника менен сел жүргөн аймакка келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️