Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 131 мигрант аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда милиция кызматкерлери пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү уруксат документтери жок иштеген чет элдик эмгек мигранттарынын тобун аныктады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, текшерүүлөр миграциялык мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.

Облустун ар кайсы райондорундагы жана шаарларындагы бир нече объекттерде жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жалпы 1387 чет өлкөлүк жаран текшерилип, алардын ичинен 131 жаран иштөөгө тийиштүү уруксаты жок иштеп жүргөндүгү аныкталган. Аларга Укук бузуулар кодексинин 431-беренесинин (чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн же транзит менен өтүүнүн эрежелерин бузуусу) негизинде протоколдор түзүлүп, жалпы 720 500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок чет өлкөлүк эмгек мигранттарын жалдаган 3 юридикалык жакка карата Укук бузуулар кодексинин 93-беренесине (Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык протоколдор түзүлүп, 105 000 сом айып салынды.

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын так сактоону жана чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн тийиштүү уруксаттарды тариздөөнү эскертет. Бул ченемдерди бузуу мыйзамсыз гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да алып келет.

———————————————————

13-май күнү А.Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканада египеттик студенттер жана жергиликтүү балдар арасында мушташ чыккан.

Окуянын видеосу социалдык тармакка тарап, 17-май күнү кечинде Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде мушташка катышкан чет элдик жарандарга чара көрүлүүсүн талап кылып жоон топ чогулган. Окуя учурунда чет элдиктер жашаган жатаканаларды талап-тоноп, токмоктогондор болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE