Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө мурун уурулук кылып, жоопко тартылган жигит кайра колго түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында уурулукка шектүү катары 26 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 20-майында Каракол ШИИБге 1995-жылы туулган тургун Ж.А. арыз менен кайрылган.

Ал 18-май күнү саат 11:20 чамасында Каракол шаарында жайгашкан медициналык борборунун кабыл алуу бөлмөсүнөн «Samsung Galaxy A34» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген. Ошондой эле, арыз менен 18-май күнү Ак-Суу районунун 1981-жылы туулган тургуну М.Э. кайрылып, ошол эле күнү саат 8:30 чамасында Ысык-Көл облусттук ооруканын хирургия бөлүмүнүн палатасынан өзүнө таандык «Xiaomi Redmi 10» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факттылар Каракол ШИИБдин КБРне катталган, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, кылмыш иши козгологон.

Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, кылмышка шектүү изин жашырып жүргөн жеринен колго түшүрлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал мурда ушундай эле кылмыш менен жоопко тартылган Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын 1998-жылы туулган тургуну Т. уулу А. болуп чыккан.

Шектүү аталган фактылар боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаарынын сотунун чечиминин негизинде 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган шектүү тараптан башка ушул сыяктуу уурулук жана тоноочулук кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE