Ысык-Көлдө милиционерлер менен өспүрүм бала көлгө чөгүп бараткан кызды куткарып калган. Аларга сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-июлда Ысык-Көлгө чөгүп жаткан 17 жаштагы кызды куткарып калган милиция кызматкерлери жана өспүрүм балага сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов милициянын кенже лейтенанты Азамат Асановду, милициянын лейтенанты Адилет Юсуповду жана жергиликтүү тургун — 16 жаштагы Алишер Асангуловду, анын ата-энесин Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын көл жээгинде кырсыкка кабылган 17 жаштагы кызды куткаргандыгы үчүн ыраазычылык каты менен сыйлады.

Облустук милициянын башчысы Мурат Боронов 16 жаштагы Алишер Асангуловдун эрдигине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле анын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Turmush Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында көлгө чөгүп бараткан 17 жаштагы кыз куткарылганын жазган.

2024-жылы 18-июль күнү саат 22:00дө Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө көлдөгү кырсык тууралуу кооптуу билдирүү келип түшкөн.

Пример HTML-страницы

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда көл жээктен алыс жана дээрлик жашоо белгилери жок адамды байкашкан. Милициянын лейтенанты Адилет Юсупов, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Азамат Асанов, Чоң-Сары-Ой айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, ошондой эле жергиликтүү тургун Алишер Асангулов куткарууга шашылышкан.

Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургун сууга чөккөн кызды куткарып, жээкке чыгарышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, райондук тез жардам кызматына кызды өткөрүп беришкен.

Жабырлануучу Балыкчы шаарынын 2007-жылы туулган тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️