Ысык-Көлдө мектептерди оңдоо үчүн ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынып, 5 эсе көп акча бөлүндү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖайкы каникул учурунда мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет. Мурдагы окуу жылдары окуучулардын ата-энелеринен акчалай жардам берилип келсе, бул жылы өлкө боюнча акча чогултууга тыюу салынды.

Turmush басылмасынын Ысык-Көл облусундагы кабарчысы билдиргендей, Каракол шаарындагы мектептерди оңдоо иштерине жылда 1 млн сомдон ашык каражат сарпталса, быйыл 5 млн сомдон ашык каражат каралган.

Мисалы, былтыр 2023-2024-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептердин күндөлүк оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө 1093000 (бир миллион токсон үч миң) сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

«Биздин мектептерде да жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүүдө. Быйыл башка жылдардан өзгөчөлөнүп, керектүү материалынан сырткары ремонт иштерине да акча каражаты берилди. Мурда мындай иштерге ата-энелердин акчалай жардамына муктаж болчубуз. Быйыл толугу менен бардык ишке мамлекеттик бюджеттен акчы каражаты бөлүндү», — дейт №11 мектеп-гимназиясынын директору Гүлзат Сөйкөева.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, быйылкы окуу жылында мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди жаңы 2024-2025 окуу жылына карата даярдоо жана күндөлүк (текущий) оңдоо жүргүзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Республикалык бюджеттен мектептердин күндөлүк ремонтторун жүргүзүүгө 5458000 (беш миллион төрт жүз элүү сегиз миң) сом, канцелярдык жана чарба буюмдарына 2000000 (эки миллион) сом, жергиликтүү бюджеттен жана республикалык бюджеттен 2590900 (эки миллион беш жүз токсон миң тогуз жүз) сом, ошондой эле 141600 (жүз кырк бир миң алты жүз) сом ар кандай сатып алууларга (орг. техникаларды оңдоо жана журнал сатып алууга) республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди.

Жергиликтүү бюджеттен 1524000 (бир миллион беш жүз жыйырма төрт миң) сом күнүмдүк ремонт иштерин жасоого мектептерге бөлүнгөн. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарына күнүмдүк ремонт иштерин жасоого жергиликтүү бюджеттен 1600000 (бир миллион алты жүз миң) сом бөлүнүп берилип, иштер жүргүзүлүп жатат.

2024-2025-окуу жылына карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалуучу билим берүү мекемелеринде ондоо иштери жүрүп жатат. Алар:

— Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 мектеп-гимназиясына даараткана салуу үчүн 3102300 сом;

— Байсары уулу Кыдыр Аке атындагы №2 мектеп-гимназиясына жолтоо тилкесин (полоса препятсвий) жасоо үчүн 700000 сом;

Жылкыайдар уулу Тилекмат Аке атындагы №3 мектеп-гимназиясынын кире беришин оңдоо үчүн 1000000 сом;

— №2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун санитардык техникаларын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 140000 сом;

— №5 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын оңдоодон өткөрүү үчүн 1400000 сом;

— №6 мектепке чейинки билим берүү уюмунун электр чубалгыларын алмаштыруу иштерине 236000 сом;

-№7, №12 мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жер-жемиштерди сактоочу кампа салууга 1500000-3000000 сом;

— №14 мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырын оңдоо үчүн 1500000 сом.

Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асель Токтакунованын айтымында, калаада дем берүүчү гранттын эсебинен жасалып жаткан билим берүү мекемелери бар. Алар:

— Алдаяр уулу Мойт Аке атындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын аймагын курчоо жана чатырын оңдоо үчүн 4657496 (төрт миллион алты жүз элүү жети миң төрт жүз токсон алты) сом;

— Абит Ахматов атындагы №4 мектеп-гимназиясын жылытуу системасын оңдоо үчүн 4899094 (төрт миллион сегиз жүз токсон тогуз миң токсон төрт) сом;

— Доскул уулу Сарт Аке атындагы №9 жалпы орто билим берүү мектебинин экинчи кабаты 4617000 (төрт миллион алты жүз он жети миң) сом;

— №1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун короосун курчоого, электр чубалгыларын алмаштыруу, чатырын оңдоого 1500000 сом;

— №4 мектепке чейинки билим берүү уюмунун канализациясын толугу менен оңдоодон өткөрүү үчүн, ошондой эле раковина, смесительдерин алмаштырууга, ички электр жарыктарын оңдоо үчүн 5356588 (беш миллион үч жүз элүү алты миң беш жүз сексен сегиз) сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️