Ысык-Көлдө мектеп директору Алтынбек Мендибаев 40 жашында каза болду

TurmushКаракол шаарында №9 мектептин директору Алтынбек Мендибаев каза болду. Ал бүгүн, 3-апрелде өзү туулуп-өскөн Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жерге берилет.

Айрым маалыматтар боюнча, ал жүрөк оорусунан улам көз жумду.

Мендибаев Алтынбек Кубанычбекович 1982-жылы 3-июнда Саруу айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 2018-жылдын ноябрь айында аталган мектепке директор болуп дайындалган.

«Сиз берген тарбия, Сиз берген билим окуучуларыңыздардын жана шакирттериңиздердин жүрөгүндө сакталып кала бермекчи», — деп айтылат шаардык билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсүндө.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️