Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кызматтык милдетин аткарып жүргөн майор каза тапкан. Ишке чекит коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот ИИМдеги бөлүм башчы каза болгон жол-транспорт кырсыгы боюнча ишке чекит койду. Айдоочу 8 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Turmush 2022-жылдын 19-июлунда саат 16:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 58-чакырымында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, «Равон Нексия» үлгүсүндөгү унаа менен кагышканын жазган. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Кийинчерээк Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну Б.У. — «Равон Нексия» унаасынын айдоочусу алган жаракатынан улам Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилип, каза болгону маалымдалган. Ошондой эле ооруканага «Фольксваген Пассат» унаасынын айдоочусу — Ысык-Көл районунун 38 жаштагы тургуну А.Д. да жеткирилген.

Андан кийин маркум Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Улукбек Балагазыев экени белгилүү болгон.

Балагазыев Улукбек Балагазыевич майор чининде болчу. Анын артында жубайы жана 2 баласы кылды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Улукбек Балагазиев 2022-жылдын 19-июлунда кечинде кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынын кесепетинен улам көз жумган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу Жол кыймылынын эрежелеринин 1.3-пунктун жана 9.2-пуктунун бузган.

1.3. Жол кыймылынын катышуучулары эрежелердин өздөрүнө тиешеси бар талаптарын, светофорлордун сигналдарын, белгилерди жана чийиндерди билүүгө жана сактоого, ошондой эле жөнгө салуучуларга берилген укуктардын чектеринде иш жүргүзгөн жана жол кыймылын белгиленген сигналдар менен жөнгө салган бул адамдардын буйруктарын аткарууга милдеттүү.

9.2. Төрт же андан ашык тилкелүү эки тараптуу кыймылы бар жолдордо каршы багыттагы кыймыл үчүн арналган жолдун тарабына чыгууга тыюу салынат.

Айыпталуучу А.Д.Т. 1984-жылы Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында туулган. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, пансионатта сантехник болуп иштеген, мурда соттолгон эмес.

Ал Ысык-Көл райондук сотунун 2023-жылдын 19-июнундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу менен өзгөчө оор залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен 7 жылга кесилген.

Мындан тышкары сот айыпталуучудан жабырлануучу тарапка материалдык чыгым катары 110 миң сом, моралдык компенсация катары 100 миң сом өндүрүүнү көрсөткөн.

Аталган өкүм менен макул болбой, жабырлануучу тарап жана анын мыйзамдуу өкүлү апелляциялык даттануу менен кайрылган. Анда алар айыпталуучуга карата жазаны дайындоодо оордотуучу жагдайлар деп автотранспортту айдоого укук берүүчү күбөлүгү жок, тактап айтканда жол эрежелерин билбестен автотранспорт башкарып, чоң жолго чыкканын көрсөтүшкөн. Алардын айтымында, айыпталуучу жайкы эс алуу учурунда жолдо автотранспорт каттамы көп экенин көрүп-билип туруп, унааны катуу ылдамдыкта айдап, жолдо жүрүү эрежелерин атайлап одоно бузуп, жолдун каршы тилкесине чыккан. Д.Т.А. башкарып бара жаткан унаасын токтотуп калууга же болбосо жол кырсыгын болтурбай коюуга толук мүмкүнчүлүгү болсо дагы, бет маңдайында келе жаткан «Равон Нексия» унаасынын алдынан атайлап сүзүп, жабырлануучунун өмүрүн кыйып, өтө оор залал келтирген.

Жабырлануучу тарап айыпталуучунун кылмышы толук далилденип турса дагы, ал күнөөсүн моюнуна албай, анын жакындары коркутууга өткөнүн көрсөткөн. Д.Т.А. жазадан качып, бошоп кетүү максатында дарыгерлерден сүйлөшүү жолу менен ооруп жатат деген ар кандай жалган маалым каттарды жасатып алган. Алар мындай аракеттери азыркы учурга чейин жасалып жатканын көрсөтүп, Ысык-Көл райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, айыпталуучуну 8 жылга эркиндигинен ажыратып, жабырлануучу тараптын пайдасына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 938 000 сом жана моралдык залалдын ордун толтуруу үчүн 10 000 000 сом акча каражатын өндүрүп берүүнү суранышкан.

Апелляциялык даттанууга каршы пикирлер келтирилген эмес.

Соттук отурумунда айыпталуучу Д.Т.А. апелляциялык даттанууга толугу менен каршы болуп, күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, унааны атайлап сүзгөн эмес, кокустук болгон. Автоунаа өзүнүкү болгонун, айдоочулук күбөлүгү жанында жок богонун, спирт ичимдигин ичпегенин көрсөтүп, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну сураган.

Ал эми айыпталуучунун жактоочусу жабырлануучу тараптын апелляциялык даттануусуна каршы болуп, Ысык-Көл райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, айыпталуучуну 5 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган.

Жыйынтыгында Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 21-сентябрдагы өкүмү менен Ысык-Көл райондук сотунун 2023-жылдын 19-июнундагы өкүмү өзгөртүлгөн.

А.Д.Т. 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырыган.

Жогорку сотко берилген кассациялык даттанууда жактоочу У.Акимканов апелляциялык инстанция сотунун соттук актысын жокко чыгарып, биринчи инстанция сотунун соттук актысын күчүндө калтырып берүүнү сураган. Себеби биринчи инстанция соту тарабынан жаза чектөөдө иш боюнча жана соттолуучунун ден соолугуна байланыштуу бардык жагдайлар эске алынганын көрсөткөн.

Каршы пикирде жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү жактоочунун даттануусунда көрсөтүлгөн жагдайлар негизсиз жана орунсуз экендигин, себеби бул жагдайлар апелляциялык инстанция сотунун тарабынан толук изилденгенин жана туура баа берилген көрсөткөн. Ал канааттандырууга негиз жоктугунан улам апелляциялык инстанция сотунун өкүмүн күчүндө калтырып берүүнү сураган.

Жыйынтыгында Жогорку соттун 2024-жылдын 18-мартындагы токтому менен Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү күчүндө, жактоочунун кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE