Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кызамык оорусуна чалдыккандардын басымдуу бөлүгүн 7 жашка чейинки балдар түзөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунда жыл башынан бери кызамык оорусунун 192 учуру катталды. Анын 84 пайызын 7 жашка чейинки балдар түзөрүн Каракол район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Маалыматка караганда, кызамык илдетинин эң көп учуру Каракол шаарында, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда катталууда. Мындан улам дарыгерлер илдетти алдын алуу жолу эмдөө экенин айтып, эмдөөдөн өттүүгө чакырып жатышат.

«Ысык-Көл облусунун аймагында кызамык, кызылча оорулары боюнча эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана андан ары жайылышын болтурбоо максатында 9 айдан 7 жаш 11 ай 29 күндүк балдар арасында кызамыкка каршы эмдөө 10 июнда башталды. Облус боюнча эмдөөгө пландаштырылган балдардын саны 46 миң 50 баланы түздү. Бүгүнкү күндө 2140 пландалган балдардан эмделди. Ар бир эмделген бала IEMDOO маалыматташтырылган түзүмгө киргизилүүдө.

Бүгүнкү күндө бардык дарылоо мекемелер вакцина менен жетиштүү камсыздандырылган. Эмдөө бригадалары түзүлүп, коопсуз эмдөө ыкмалары окутулду. Ар бир районго жетекчилерден кураторлор бекитилип, эмдөөнүн жүрүшүнө колдоо көрсөтүп жатышат. Бүгүнкү күндө бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, ФАПтарда эмдөө жүрүп жатат», — дешет дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE