Ысык-Көлдө курулушу 6 жылга созулган мектептин окуучулары кайрадан аралыктан окуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кабак айылындагы Ж.Аманбаев атындагы мектеби кайрадан онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу ата-энелер билдирди.

Алардын айтымында, жылуулук системасы ортотулуп бүтө электигине байланыштуу окуучулар онлайн окуп жатат.

«Жаңы окуу жылы башталган кезде да балдар онлайн окушту. Эми кайра кыш келерде онлайнга өтүп жатышат. Баарыңарга белгилүү болгондой, балдар кадимки сабак окугандай билим ала албай жатат. Мисалы, 11-класстагы балдарыбыз кантип ЖРТ тапшырып, окууга өтөт деп сарсанаабыз. 1-класстарчы? Алар жаңы партага көнө баштаган», — дейт ата-энелер.

Аталган мектепте жалпы 277 окуучу билим алат. Онлайн окутуу 11-ноябрда башталган. Окуучулар 15-ноябрга чейин аралыктан окуйт.

———————————————————

Пример HTML-страницы

Turmush 2024-жылдын окятбрь айынын башында Жети-Өгүз районуна караштуу Кабак айылында курулушу 6 жылдан бери бүтпөй жаткан мектеп пайдаланууга берилгенин жазган.

Ж.Аманбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы имаратынын курулушу 2018-жылы башталып, кийин токтоп калган.

Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусу, анын ичинде ашкана, спорт зал, китепкана, окуу класстарынан турат. Мектеп 250 орунга ылайыкталган.

Мектептин курулушу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, «Энтерстрой» ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери жүрдү.

75 млн сом менен тендерге киргизилип, 49 млн сом менен утуп алган. Дагы кошумча 7 млн сом каралып, бирок иш толугу менен бүткөрүлгөн эмес.

Мындан улам айыл эли нааразычылыктарын айтып, тиешелүү мекемелерге кайрылууга аргасыз болушкан.

«Энтерстрой» ЖЧКсынын директору катары Орозбаев Таалайбек Айтбаевич көрсөтүлгөн.

Кабак айылында балдар авариялык мектепте окуп, жаңы мектептин курулушу бүтпөй жатканын айыл эли Министрлер кабинетинин төрөгасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушу учурунда да билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️