Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө кулпунай сатуу кирешелүү ишке айланды. Адистер аны өстүрүүнүн сырлары менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында кулпунай 100 гектарга жетпеген жерге айдалса, быйыл анын аянты 400 гектарга чейин кеңейди. Мунун себебин жергиликтүү тургундар кулпунайдын баасы жогору болуп, киреше алып келгени менен түшүндүрүштү.

Учурда облус аймагында өстүрүлгөн кулпунай ички жана тышкы (Россия, Казакстан) базарларда сатылууда.

Учурда кулпунайдын килограммы 150-200 сомду түзөт. Жамгыр жаап, мөмө аз терилгенде баасы 250 сомго чейин көтөрүлүп кеткен учурлар болот. Бышкан кулпунайды атайын кабыл алуу пунктары иш алып барат.

Облустун дыйкандары жаңы кулпунай айдайм дегендерге 1 жыл мурда даярдык көрүү керектигин айтышат.

«Кулпунай өстүрүү үчүн алдын ала пландаштыруу абдан маанилүү. Көчөт отургуза турган жерди 1 жыл мурда пландаштыруу зарыл. Жемиш өсчү жердин топурагын, суусун атайын анализден өткөрүү керек. Анын жыйынтыгында жетишпеген жер семирткичтерин берип, кычкылдуулугун аныктап алуу зарыл. Негизи жерди тандоодо көп тургундар ката кетиришет. Кулпунайды отургузууда чуңкурчалардын тереңдиги да маанилүү. Эгер көчөт терең отургузулса, тамыры чирип калышы мүмкүн. Тескерисинче өйдө отургузулуп калса, тамыр моюнчасы кургап, өсүмдүк жабыркайт. Ошондуктан ылайыктуу тереңдикте отургузуу абзел», — дейт Каракол шаарынын тургуну Бекжигит Эрбол уулу.

Учурда кулпунай өстүрүүнү каалоочулар көп болгондуктан атайын кеңеш берип, кызмат көрсөткөн мекемелер да бар. Алардын айтымында, бир гектар аянтка сапатуу кулпунай айдоого 2-2,5 млн сом жумшалат.

«Жерди даярдагандан кийин туура көчөт тандап алуу зарыл. Бир гектар жерге 50 миң түп көчөт керектелет. Көчөттөр Европа өлкөлөрүнөн 30 сомдон, Түркиядан 18 сомдон келет. Бир гектар жерге тартууга 7 миң метр пленка (мульчирующая пленка) алуу керек. Ал отоо чөп (сорняк) чыгарбай, нымдуулукту сактайт. Пленканын 1 метри 24 сомдон. Ошондой эле, тамчылатып сугарууга 14 миң метр пленка кетет. Анын метри 2 сом 90 тыйын болот. Муну менен катар талаага ылайыктап, түтүк алуу зарыл, 1 метри 18 сомдон 330 сомго чейин.

Негизи 1 гектар жерге Европа көчөтүн отургузса, бардык чыгашасы менен 2,5 млн сом болот. Ал эми Түркияныкы 2 млн сомго айланат. Эгер адистердин кеңешинин аткарса, бул чыгаша бир жылда актайт», — дейт «Каракол Агро» комплексинин жетекчиси Майрамбек Жумалиев.

Ал кулпунай бул эмгекти көп талап кылган жемиш экенин айтат.

«Кулпунайды баладай кароо зарыл. Ысык-Көлдүн аймагында жер туздуу келет. Туз көп жерде кулпунай азыктарды жакшы сиңире албайт. Андыктан атайын заттар менен туздуулугун азайтуу кажет. Азыр химиялык заттарды да ашыкча колдонбоого үйрөтүп жатабыз. Мисалы, өсүмдүктү адамга салыштырсак, адам күндө тамак жейт, бирок ооруганда гана дары ичет. Кулпунайды да жалаң дары менен багууга болбойт. Ооруп калса гана дары берип, калган учурда азык гана берүү керек. Кальций, азот, калий, борлорду талап кылат. Кандай витаминдерди берүү керектиги тууралуу тургундарга бир жылдык календарь түзүп беребиз», — деп кошумчалады ал.

Калаа тургуну Гулия Эсенаманова кулпунайдын жакшы түшүм берүүсү үчүн күз мезгилинде кам көрүү керектигин айтат.

«Азыр эми күн ысып кеткендиктен кулпунай өстүрөм дегендер келерки жылга даярданса болот. Ал үчүн октябрь-ноябрь айында жерди даярдап, анализ алып, ага ылайык жер семирткичтерди берип, айдатып коюу керек. Сугатка бассейн куруп, көчөткө буюртма бересиз. Жаздын келиши менен март айында жердин топурагын майдалатып, дискалап, бугор (жөөк, сол) жасап, сугат системасын орнотуу зарыл.

Апрель айында көчөттөрдү тигип, нөөмөт менен сугарып баштайсыз. Май айында кулпунайдын тигилгенине 20 күн болгондо жер семиркичтерди берип, отоп, күн сайын абалын байкап турабыз. Эгер 20 күндө гүлдөп баштаса, гүлдөрүн үзүп салуу керек. Бул көчөттөр жакшы өсүп кетишине шарт түзөт.

Июнь айында гүлдөп баштайт. Отоо чөптөрдү тазалап, салкын шарт болусу үчүн талаанын үстүн тор менен жаап койсо болот. Эгер илдеттер байкалса, пестицид каражатын берүү кажет. Түшүм берүү гүлдөгөндөн кийин 2-3 аптадан кийин башталат. Жакшы сорт болсо, түшүм берүү 5 айдан ашык созулат.

Ошентип, кеч күздө эски жалбырактарын, эски мөмөлөрүн тазалап, тамыры үшүбөш үчүн агроспан менен жабуу абзел. Кыш мезгилинде кар жааганда кулпунайдын тамырлары агроспан алдында жатат. Жазында ачып тазалап, илдеттерге каршы жана алдын алуу иштерин жүргүзүү кажет», — деп кеп-кеңештери менен бөлүштү ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE