Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө казакстандык аял 25 жаштагы уулун таппай калган. Ал коңшу айылдан аман-эсен табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда казакстандык жарандын жоголуп кеткен уулу табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-июнь күнү Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Казакстандын жараны Шугылы Сейсеновадан кайрылуу келип түшкөн. Ал 25 жаштагы уулу, 1-топтогу майып Шарип дайынсыз жоголгонун билдирген. Анын айтымында, бул күнү алар Жеңиш айылынын жанындагы көл жээгиндеги балдар реабилитациялык борборунда дарыланып жатышкан. Кечинде саат болжол менен 21:30 чамасында Шарип көл жээкке чыгып, дайынсыз жоголгон.

Арыз Жети-Өгүз РИИБде катталып, өздүк курам дароо дайынсыз жоголгон адамды издөөгө багытталган. Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери милициянын улук лейтенанттары Ишенбек уулу Адилет, Актилек Рахманов жана милициянын лейтенанты Эрлан Асаналиев тез аранын ичинде масштабдуу издөө иштерине киришкен.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам жүргүзүлгөн иштеринин натыйжасында түнкү саат 03:00 чамасында дайынсыз жоголгон Казакстан Республикасынын жараны коңшу Ак-Терек айылынын жанынан табылган. Ал апасына өткөрүлүп берилди.

Шугылы Сейсенова милиция кызматкерлерине жоопкерчилиги жана ыкчамдыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул окуя укук тартибин гана камсыз кылбастан, эң оор кырдаалдарда жардамга келүүгө дайым даяр болгон кыргыз милиция кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана жоопкерчилигин көрсөтө тургандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE