Ысык-Көлдө көлгө чөгүп бараткан 17 жаштагы кыз куткарылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында көлгө чөгүп бараткан 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылы 18-июль күнү саат 22:00дө Чоң-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө көлдөгү кырсык тууралуу кооптуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургундун ыкчам реакциясы жана эрдиги менен кайгылуу аякташы мүмкүн болгон окуя адам өмүрүн сактап калуу менен аяктады.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда көл жээктен алыс жана дээрлик жашоо белгилери жок адамды байкашкан. Милициянын лейтенанты Юсупов Адилет, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Асанов Азамат, Чоң-Сары-Ой айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, ошондой эле жергиликтүү тургун Асангулов Алишер куткарууга шашылышкан.

Оор шарттарда аркеттенүү менен, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургун чөккөн кызды куткарып, жээкке чыгарышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, райондук тез жардам кызматына кызды өткөрүп беришкен.

Өз кезегинде куткарылган кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жана жергиликтүү тургунга ыраазычылык билдиришти. Алар кырсык учурунда көрсөтүлгөн эрктүүлүк жана жан аябастыкты чын жүрөктөн баалашып, кызматкерлерге ийгилик жана жашоосундагы бардык жакшылыктарды каалаарын билдиришти.

Пример HTML-страницы

Жабырлануучу Балыкчы шаарынын 2007-жылы туулган тургуну болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️