Ысык-Көлдө күтүлбөгөн жерден аял жана эркек акка моюн сунду (толукталды)

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол—Жети-Өгүз унаа жолунда эки адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 17-декабрь күнү саат 10:11 чамасында катталган. Анда Жон-Булак айылынын тушунда «Ауди» үлгүсүндөгү унаа тайгаланып, теректи сүзүп калган. Натыйжада унаанын ичиндеги эки адам көз жумган.

Айылдаштарынын айтымында, айдоочу 1948-жылы туулган. Ал ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө каза тапты. Ал эми жүргүнчү — 1971-жылы туулган айым жеринде акка моюн сунган. Унаада дагы бир аял жана кызы болгон. Учурда алар ооруканада жатышат.

«Айдоочу менен жүргүнчү коӊшулаш айылдын тургундары. Алардын ичинен бирөө куран окутууга мал союу үчүн бара жаткан экен. Ошондуктан 3 жүргүнчү менен эле жолго чыккан. Каза болгон 1971-жылы туулган келиндин бир уулу Россияда болгон. Учурда ал келе жатат. Каза болгондор эртең, 19-декабрда жерге берилет», — дешет айылдаштары

    Пример HTML-страницы
  • Кийинчерээк облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, Каракол шаарынын тургуну — 1948-жылы туулган Б.Б.Б. «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, Жети-Өгүз районунун Балтабай айылынын күн батыш тарабынан рулга ээ боло албай, жол жээктеги бакты сүзүп жол кырсыгына учураган.

Натыйжада айдоочу Б.Б.Б. жана жүргүнчүсү — Жети-Өгүз районунун 1971-жылы туулган тургуну К.К.М. ооруканадан каза болушкан. Ал эми жүргүнчүлөрү Каракол шаарынын 3 тургуну райондук ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️