Ысык-Көлдө күтүүсүз окуяга туш болгон Казакстандын жараны эртеси ооруканада каза тапты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы пляжда 42 жаштагы Казакстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 14-июль күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл райондук ооруканасынан абалы оор жаран боюнча кабар келип түшкөн. Анда Казакстандын 1982-жылы туулган жараны К.Б. (эркек киши) ооруканага жеткирилген.

Кара-Ой айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында аны суудагы катер сүзүп, натыйжада оор жаракат алган. Окуя 15-июль күнү саат 18:25 чамасында катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө суудагы катердин ээсинин өздүгү такталды. Ал Ысык-Көл районунун 1992-жылы туулган тургуну М.Б. болгон. Ал эми катерди Кара-Ой айылынын 2006-жылы туулган тургуну А.А. айдап жүргөн.

2024-жылдын 16-июль күнү жаран К.Б. алган жаракатынан улам Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Пример HTML-страницы

Бул факт Ысык-Көл РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 311-беренеси (темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иштери козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️