Ысык-Көлдө эс алуучулар парашют менен бакка кыпчылып калган. Милиция аттракцион ээлери менен жолугушту

TurmushЫсык-Көл облусунда милиция аттракциондордун ээлери менен профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат.

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, «Солнечный берег» пансионатынын жээгинде парашютта отурган адамдар даракка асылып калган окуяга байланыштуу Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн аттракциондордун ээлери менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Буга чейин Turmush Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында «Солнечный берег» эс алуу жайында эркек киши өспүрүм бала менен бакка кыпчылып калганын жазган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя бүгүн, 12-июлда саат 13:30 чамасында катталган. Ысык-Көл РИИБге эс алуучулардан парашют бакка илинип калганы боюнча кабар түшкөн. Аталган факт электрондук журналга катталып, ыкчам топ жерине барган.

Анда өспүрүм эс алуучу жана парашют башкарган жаран бакка илинип калганы, ошол жердеги жарандардын жардамы менен түшүрүлгөнү аныкталган.Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аттракцион ээлерине коопсуздукту сактоонун жана кардарлардын коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн эскертишүүдө. Ошондой эле жабдуулардын иштешин текшерүүгө, кызматкерлерди окутууга жана бардык белгиленген нормаларды жана эрежелерди так сактоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Райондук милициянын башчысы Жумгалбек Абиев жарандардын жана коноктордун коопсуздугу башкы приоритет экенин белгиледи.

Андан сырткары жакын арада бардык пляждагы аттракциондордун коопсуздугун жана кызмат көрсөтүүгө даярдыгын текшерүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды тартуу менен кошумча текшерүүлөр уюштурулары кабарланды.

Turmush басылмасы 2023-жылдын 23-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында моторлуу кайык катышкан кырсыктан 3 адам жабыркап, анын экөө каза болгондугун жазган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 2023-жылдын 23-июлунда Ысык-Көл РИИБге Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда 3 адам денесинен оор жаракат алып, ооруканага түшүп, бири жандандыруу бөлүмүндө каза болуп, экөө жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жаткырылганы айтылган.

Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде сууда оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдө «таблетка» баллонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунганы белгилүү болгон. Анын кесепетинен үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол түнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Каза болгон кыз жана жигит, ошондой эле жабыркаган кыз Чүй облусунун тургундары.

Этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин айдоочусу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча иш козголгон. Анын алкагында Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан катердин айдоочусу — Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну соттун бөгөт коюу чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынган болчу.

Кичинчерээк эки адамдын өлүмү боюнча кылмыш иш кыскартылды. Маалым болгондой, тараптар жарашкан.

Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы 2 адам каза болгон кырсык боюнча чара көргөн. Президент Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️