Ысык-Көлдө эс алуучулар көп келген көл жээктериндеги мыйзамсыз курулуштар алынууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун аймагындагы эс алуучулар көп келген кол жээктериндеги мыйзамсыз түшкөн курулуштарды алуу боюнча иш жанданды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иштерди аткаруу боюнча атайын комиссия түзүлүп, учурда мониторинг жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы тиешелүү көзөмөл кызматтарына берилет. Бостери айылындагы эс алуучулар көп келген «Борбор» комплесинде район акими Калыбек Жумадылов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү текшерүү жүргүзүштү.

Калыбек Жумадыловдун айтымында, мыйзамсыз курулуштар боюнча буга чейин бир нече арыздар түшкөн.

«Учурда аныкталган курулуштардын ээлери белгиленген убакытка чейин өздөрү алып кетпесе, мыйзам чегиндеги катуу чаралар көрүлөт. Кийинки жайкы эс алуу мезгилинде көл жээгине жакын салынган мыйзамсыз курулуштардан толук арылышыбыз зарыл. Бул Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга салым кошот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️