Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө энергетиктердин кесиптик чеберчилиги боюнча мелдеш башталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧолпон-Ата шаарында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы- Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын РЭТтеринин арасында «0,4-10 кВ бөлүштүүрүчү электр тармактарынын мыкты бригадасы» наамы үчүн таймаш башталды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мелдеш 14-июнга чейин уланып, 4 этаптан турат. Ага 7 команда катышууда.

Иш-чаранын максаты — оңдоо иштеринин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын текшерүү, ошондой эле 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча тажрыйба алмашуу.

Бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген электр монтер аварияларды жоюуга, электр линияларын курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга катышууга милдеттүү. Энергетиктердин кесипкөйлүгү энергетикалык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин жана анын натыйжасында энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун түздөн-түз аныктайт. Мындай сынактарга катышуу чеберчиликти жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жардам берет.

Катышуучулар практикалык тапшырмалардын 3 түрүн аткарып, коопсуздук чараларын жана электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү боюнча бир теориялык экзамен тапшырышы керек.

Практикалык милдеттердин бирине жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу жана биринчи жардам көрсөтүү кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE