Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эки кыздын бирин издөө иштери жүрүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 27-май күнү Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кыздын бирин издөө иштери улантылып жатат.

Издөө иштерине ƟКМдин Ысык-Кѳл облусу боюнча башкармалыгынан 2 кызматкер (1 дрон), Жети-Ɵгүз райондук №36 ƟКБдан 1 кызматкер (1 дрон), Каракол шаардык №15 ӨКБдан 5 куткаруучу (1 кайык), Түп райондук №34 ӨКБдан 8 куткаруучу, суучулдар кызматынан 4 суучул (1 кайык), 2 жеке суучул, жергиликтүү тургундардан 100 адам (3 кайык) тартылган.

2024-жылдын 18-майында Жыргалаң суусуна Михайловка айылынын тургундары — 2017-жылы туулган К.М.Т жана 2016-жылы туулган Т.С.Б. сууга түшүп кеткен.

Бир жумадан өткөн соң — 25-майда 2016-жылы туулган Т.С.Б.нын жансыз денеси табылган. Учурда ал жерден экинчи кыз изделип жатат.

«Балким эки кыз тең суунун агымы менен бир тарапка кеттиби деген ойдо, биринчи кыз табылган аймактагы суунун нугун бурууга аракет кылып жатабыз. Суунун нугу азайса, кыз табылып калабы деген үмүт бар», — дешет жергиликтүү тургундар.

Жергиликтүү тургундар Тurmush басылмасынын кабарчысына окуя тууралуу айтып беришкен.

«Айылдагы 2 кичинекей кыз 18-майда болжол менен саат 16:00 чамасында үйлөрүнөн чыгып кетишкен экен. Алар Жыргалаң суусунун жээгине келип ойношкон. Кыздардын жанында дагы жашы жете элек эки бала болгон экен. Ойноп жатып, суунун жээгине жакын турган кыздар сууга түшүп кетиптир. Сууга агып бара жаткан кыздарды ошол жакта уй кайтарып жүргөн 2006-жылы туулган бала көрүп, бирок куткара албай калгант», — деген алар.

Тургундар суу шар агып, ылайланганына байланыштуу издөө иштерине кыйынчылык жаратып жатканын кошумчалаган.

Кыздар №25 Шевченко атындагы орто мектепте окуп жатышкан. Мугалимдери кыздар сабакты калтырбаган аракетчил окуучу экенин айтышты.

Алардын айтымында, 2017-жылы төрөлгөн К.М. даярдоо классында окуп жаткан. Мүнөзү жоош, кабыл алуусу жакшы, зирек кыз. Үй-бүлөдө 4 бир тууган.

2016-жылы төрөлгөн Т.С. 1-класста окуп жаткан. Ал эки бир туугандын улуусу.

«Жакшы окуган, мүнөзү ачык, жароокер, курбулары менен бат тил табышкан кыз. Ырларды бат жаттап, окууга шыктуу», — деген мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE