Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө Бостери балбандын 400 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунда Бостери баатырдын 400 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, өлкөнүн жети дубанынан коноктор чакырылган. 70тен ашык боз үй тигилип, иш-чара кол өнөчүлөрдүн жармаңкеси, спорттук оюндар менен коштолду.

Ар бир кыргыз жигити ата-бабалардын басып өткөн жолун билип, алар салып кеткен жолду татыктуу улашы керек. Бостери атанын урпактары дагы анын 400 жылдык мааракесин өзү жашап өткөн Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында белгилешти. Иш-чаранын расмий бөлүгү Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында республикалык деңгээлде өтүп, облус башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Бостери балбандан тараган урпактар өлкөнүн жети дубанынан келишкен. Коноктор үчүн 70тен ашык боз үй тигилип, облустун район-шаарларынан келген кол өнөрчүлөр өздөрүнүн эмгектерин жармаңкеге коюшту. Ошондой эле райондун маданият кызматкерлери келген меймандардын көңүлүн ачып ыр-бий тартуулашты.

Эркин күрөш, шахмат, көк бөрү, ат чабыш, кыргыз күрөш, эр эңиш, футбол, волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, 5 авто унаа, акчалай сыйлыктар байгеге коюлду. Соңунда акындардын айтышы жана борбор кааладан келген маданият өкүлдөрүнүн концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Бостери баатыр 1624-жылы Кичи Нарын дарыясынын жээгинде туулган, кыргыздын айтылуу баатыры. Анын атасы Жалдуу Каба, Сарык байдын урпагы болгон. Бостери Жунгар хандыгы тараптан кооптуу кырдаал түзүлүп, калмак жоокерлери кыргыздарга, казактарга жана өзбектерге каршы чабуулдарды уюштуруп турган мезгилдери чоңойгон. Бостери балбан боюнча маалыматтар азыр да изилденүүдө. Андан тараган урпактар азыр өлкөнүн жети дубанында жана Өзбекстандан дагы табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE