Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө бир мандаттуу округдан Жогорку Кеӊештин депутатын шайлоо өтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊешке депутат шайлоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мөөнөтүнөн мурда шайлоо бул округда 62 шайлоо тилкесинде белгиленген. Бул бир эле Ысык-Көл району эмес, Балыкчы шаарын да камтып, ал жерде да добуш берүү жүрөт. Ал арада бардык шайлоо тилкелери өз тартибинде, эрте мененки саат 8:00до эшиктерин ачты. Добуш берүүгө алдын ала бардык даярдыктар көрүлгөн. Жалпы шайлоочулардын саны 93700 адам. Аларга алдын ала билдирүүлөр жеткирилген. Ар бир жаран бүгүн кечки саат 20:00го чейин шайлоо тилкелерине келип, тандоосун жасай алат.

№36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпы 14 талапкер Жогорку Кеңешке ат салышууда. Ар бир участокто коомдук коопсуздук көзөмөлдөнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE