Ысык-Көлдө бир апта ичинде 41 мас айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында бир апта ичинде 46 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 10-июнунан 17-июнуна чейин бир жума аралыгында облустун аймагында жол эрежелерин бузган 1543 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында 41 айдоочу кармалды жана 78 автоунаа айып короого токтотулду.

Жалпы пртоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдагандар 670, жол белгисине баш ийбегендер 397, тийешелүү документи жок башкаргандар 12, автоунаа айдоого укугу жок 2, жол эрежелерин бузгандар 27, жөө жүрүүчүлөр жана башка жол эрежелерин бузган 316 болду.

Облуста 14-июндан 20-июнга чейин «Бахус» аталыштагы рейддик иш-чара өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️