Ысык-Көлдө билим билим берүү мекемелеринде акча талап кылуу жана чогултууларга тыюу салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда билим берүү мекемелеринде коррупциялык көрүнүштөрдү, мыйзам бузууларга каршы жана алдын алуу максатында иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева, УКМКнын облустагы башкармалыгынын өкүлдөрү, ОИИБдин кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Жыйында облустагы жогорку жана орто окуу жайлар, мектеп, бала бакачанын жетекчилерине укук коргоо органдары тарабынан эскертүү берилди. Пара талап кылуу жана акча чогултуулар мыйзамсыз экендиги түшүндүрүлүп, мыйзам бузуу фактыларына жол бербөө керектигин жана мындай фактылар болгон учурда ким болбосун мыйзам жоопкерчилигине тартыларын катуу эскертилди.

Ошол эле маселелердин арасында мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга тыюу салынганына карабай ремонтко жана башка чыгымдарга чогултуулар болбосу керектиги айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️