Ысык-Көлдө балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-август күнү Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө мамлекеттерден келген өкүлдөрдүн катышуусунда жолдордо балдардын жаракат алуусунун алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, модератор Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын штабынын башчысы Бахрам Сейтходжаев болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков, Тажикстан Республикасынын ИИМдин мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын башчысы Рустам Мирзомурадов, Россиянын ИИМдин ЖКККББнын жол кыймылынын коопсуздугун үгүт жана балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сергей Хранцкевич, Витебск облустук Аткаруу комитетинин мамлекеттик автоинспекциясынын үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Надежда Касперович, Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук департаментинин жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын жетектөөчү адиси Дилноза Раджабова, Казакстан Республикасынын ИИМдин өкүлү Актота Боранова, ошондой эле жана башка кызматкелер катышты.

Эксперттер балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуунун аймактык мыкты тажрыйбалары жана инновациялык ыкмалары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, жол кыймылын үгүттөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жолдордогу балдардын жаракат алуусун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында негизги кадамдар баяндалып, сунушталган чечимдерди ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын мындан аркы аракеттери жана кызматташуусу үчүн сунуштар берилди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️