Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө байыркы шаардын урандылары байкалды (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылындагы көлдүн жээгинде байыркы шаардын урандылары сыртка чыгып калган. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Эрлан Бектенов билдирди.

«Дархан айылындагы көлдүн жээгинде жардын урандылары бар. Айылдагы аксакалдардын айтымында, бир кезде бул жерде байыркы бир шаар болгон экен. Болжол менен 17-кылымга таандык дешет. Жылдан жылга көлдүн тартылып келе жатканын ушул таштардан байкоого болот. 20 жыл мурда көл жарга чейин болуп турган, андан бери жылына көл тартылып, жар сыртка көрүнө чыгып калган. Ар жылы көлдүн суусу кеминде 1 метрге чейин тартылып жатат», — дейт ал.

Буга чейин Тоң районунун Оттук жана Кара-Талаа айылындагы көлдүн жээги тартылганын жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Алардын айтымында, акыркы 2 жылдан бери көлдүн суусу тартылып жатканын байкашкан.

«Быйыл 5-10 метрге чейин тартылганы байкалууда. Мурун биз түшүп жүргөн көл тартылып, ордуна көлчүктөр пайда болду. Бир жылы тартылып, кайра толуп турган Ысык-Көл абдан көп аралыкка тартылып кетти. Бул суунун аздыгынан улам деп ойлойбуз», — дешет алар.

50 жылдан бери аймакта суунун деңгээлин көзөмөлдөгөн гидрологиялык посттор иштеп келет. Адистер эки жолу — эртең менен жана кечинде суткалык норманы аныктоо үчүн өлчөөлөрдү жүргүзүшөт. Эгер мурда көлдүн акваториясында 6-7 гидрологиялык пост болсо, бүгүнкү күндө Чолпон-Ата, Кой-Сары, Балыкчы жана Тамгада 4 гана пост калды. Бул посттордогу өлчөө маалыматтары суунун деңгээлинин азайгандыгын көрсөтүп турат.

Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли 2017-жылдан 2022-жылга чейин 50 сантиметрге, 2021-2022-жылдары 9 сантиметрге ылдыйлаганын Чолпон-Ата шаарындагы көл обсерваториясынын инженер-гидрологу Игорь Спиридонов Turmush басылмасына билдирген.

«2022-жылдын июнь айында суунун индекси 1606,41 см (Балтика ченөө системасы), 2023-жылы июнда 1606,30 см болгон», — деди инженер-гидролог.

2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин суунун деңгээли 11 сантиметрге төмөндөгөн.

Ысык-Көлгө 80ден ашык суу куюлуп, бир дагы суу агып чыкпайт. Көл жергесинин ландшафттары өтө ар түрдүү. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийикте жайгашып, бардык тарабынан бийик тоо кыркалары менен курчалган, тоңбой турган көл болуп саналат.

Бул тармакта көп жыл эмгектенген гидролог, профессор Жумакадыр Карамолдоев бул 1850 жылда бир кайталанган көрүнүш деп эсептейт.

«Табиятта суу объектилерин, мөңгү, көл, дарыялар — баары термелип (көбөйүп, азайып) турат. Көлөмүнө жараша чоң болсо, көп кылымда, кичине болсо, сезон сайын термелет. Кыргызстандын мөңгүлөрүн алсак, миллион жылда 4 жолу ташкындап тартылды. Учурда тартылуу убагы болуп жатат. Ушундай эле термелүүгө Ысык-Көл туш болууда.

Орусиялык көл таануучу (озеровед) А.В.Шнитников Тянь-Шань суулары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Ал Кыргызстанда көп жыл жүрүп, бир нече экспедиция уюштурган. Анын эмгегине таянсак, 1850 жылда бир Ысык-Көл ушундай термелүүгө дуушар болот деген. Көлдүн деңгээлине климаттын да өзгөрүшү таасирин тийгизүүдө. Суу улам тереңдеген сайын температурасы төмөн болот, демек буланууда да төмөн болот. Азыр тайыз жерлер бууланып, тереңдеген сайын булгануу токтойт. Көпчүлүк учурда жээк да өзгөрөт. Суу жээкти жууп кетет. Кээде кумду бир жерге алып барып коёт. Андан улам айрым жээктер башкача көрүнүп калышы мүмкүн. Суунун өзүнүн табияты ушундай. Ташкындап, тартылып, кайра өз деңгээлине барып калат», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE