Ысык-Көлдө «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө 24 кылмыштын бети ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда «Арсенал» операциясы жүрдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 13-августунан 20-августуна чейин Ысык-Көл облусунда «Арсенал» операциясы жүргүзүлдү. Иш-чара Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын “2024-жылдагы туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык уюштурулуп, курал-жарактарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоого бөгөт коюу максатында өткөрүлдү.

Операцияга 300гө жакын милиция кызматкерлери жана 34 эл өкүлү катышты. Иш-чаранын алкагында курал-жаракка уруксат берүүчү бардык объектилер, ошондой эле белек түрүндөгү куралы жана газ-травматикалык куралы бар ышкыбоз мергенчилер текшерилди.

Операциянын натыйжасында, мурда жасалган 24 кылмыштын бети ачылды. Мыйзамсыз жүгүртүүлгөн 5 даана ок атуучу курал алынып, анын ичинен 4 даана жарандар тарабынан өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, 99 протоколдор Укук бузуулар кодексине ылайык түзүлгөн, анын ичинен 28 сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн, 11 ок атуучу куралдарды каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн. Жалпысынан 51 миң сом айып салынып, анын 45 миң сому өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, учурда 2010-жылдын апрель-июнь окуяларына байланыштуу жоголгон жана уурдалган ок атуучу куралдарды алуу жана өз ыктыяры менен өткөрүп берүү иштери жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️