Turmush — Ысык-Көл облусунун аймагында 2024-жылдын 9 ай аралыгында 6 табигый кырсык катталды. Бул тууралуу кечээ, 11-ноябрда коллегиялык жыйында айтылганын Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жалпы болжолдуу материалдык чыгым 252,7 млн сомду түздү.
Жыйында 2024-жылдын 18-августунда болгон сел боюнча маалымат берилди. Анда Ысык-Көл районунун аймагында болуп өткөн жаан-чачындардын кесепетинен сел агымдары катталгандыгына байланыштуу райондун аймагындагы өзгөчө кырдаалды жоюуда жана калыбына келтирүү иштерин алып барууда жарандык коргонуу жаатындагы тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бирок айрым кемчиликтерден улам жабыр тарткан жарандардын мүлктөрүн жана тизмелерин тактоодо олуттуу кемчиликтер кетирилип, учурда Президенттин фондунан бөлүнгөн 76 млн сом өз убагында өздөштүрүлүп, жабыркаган жарандарга толук берилип бүтпөгөнү белгиленди.
Коллегиянын жыйынтыгында Ысык-Көл районунун акиминин биринчи орун басары Нургазы Эсенгелди уулуна аталган ишти убагында алып барбагандыгы үчүн эскертүү берилди. Токтом долбоору менен президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков тааныштырды.
———————————————————————
2024-жылдын 18-августунда Ысык-Көл районундагы айылдарда сел жүргөн.
Тоолуу капчыгайларда нөшөрлүү жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. Садыр Аке айыл аймагы башка айылдарга салыштырмалуу көп жабыр тартты. Сел 497 турак үйдү, 5 социалдык объектти (3 ФАП, бала бакча, китепкана), 5 пансионатты, 9,7 гектар айыл чарба жерлерди сел каптады. 2 көпүрө авариялык абалда деп табылды, 6 автунаа жабыркады, 2 жылкы, 1 бодо мал, 10 майда жандыктар өлдү.
Корумду айылында 300 турак үйдү суу каптаган. Анын ичинен 1 үй авариялык абалда, 1 ФАП, 2 пансионат, 2 көпүрө бузулуп, 7,2 гектар айдоо жерин суу каптап, 2 жылкы мүрт кетти.
Темир айылында 150 турак үйдү суу каптап, анын ичинен 2 үй авариялык абалга келип, 1 бодо мал, 2 майда жандыктар өлгөн.
Кашат айылында 33 турак үйдү, 1 ФАПты, 1 мектепти, 1 бала бакчаны, 2,1 га айдоо аянтын суу каптады.
Булан-Сөгөттү айылында 13 турак үйдү суу каптады. Анын ичинде 1 үй авариялык абалга келип, 1 ФАП, 3 пансионат, 0,4 га айдоо аянты, 8 баш майда мал өлдү.
- Ысык-Көл районунун аймагында 18-августта аким Жапар Ормоновдун буйругу менен өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Жергиликтүү тургун Калыбек Муктазаров жаратылыш кырсыгы тууралуу айтып берген.
«Жамгыр чындап катуу болду. Баары саат 22:00дөр чамасында башталды, суунун агымы ушунчалык катуу… Жолундагылардын баарын жууп кетти. Мындай масштаб мурда эч качан болгон эмес. Эсимде, 1986-жылы катуу сел жүргөн, бирок ошондо да анчалык масштабдуу эмес болчу. Андан соң жашоочулар өздөрү баарын калыбына келтиришти.Мен азыр абдан карып калдым, бирок мындайды мурда көргөн эмесмин», — деген ал.
Темир айылы жайкысын туристтик жай эмес. Тургундар жемиш бактарын — алмурут, алма өстүрүү менен акча табышат. Андан кийин түшүм кыш келиши менен кымбатыраак сатуу үчүн жер төлөлөргө сакталат. Темировка айылынын тургундарынын дээрлик 90 пайызынын жертөлөлөрү бар. Алардын баарын суу каптап кеткен. Бир жертөлөнү тазалоого эки күн кетет.
—
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.