Ысык-Көлдө Айсулуу Тыныбекова баштап келген спортчуларга кандай сый көрсөтүлдү?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылына Парижде өткөн Олимп оюндарында медаль уткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулу, балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков келди.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, спортчуларды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов, бир катар жетекчилер жана жергиликтүү тургундар тосуп алышты.

Саруу айылынын тургуну Таалай Таабалдиев көл жээгинин Кара-Булуң тилкесинен 7 спортчуга 4 сотыхтан мамлекеттик актты (кызыл китеп) менен жер берди. Ал эми райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан спортчуларга «Эл сыймыгы» сыйлыгы тапшырылды.

2024-жылы август айында Парижде өткөн Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова коло медаль, Мээрим Жуманазарова күмүш медаль, Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль, Акжол Махмудов коло медаль, Жоламан Шаршенбеков коло медаль, Үзүр Жузупбеков коло медаль алган. Ал эми Айпери Медет кызы 5-орунга ээ болгон.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️