Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө аба ырайы жакшы жана Beeline’дан мыкты байланыш

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайдын аптаптуу ысык күндөрүндө тезирээк Ысык-Көлдүн жээгинде болуп, пляждык эс алуунун атмосферасына чөмүлгүңүз келет. Бирок заманбап эс алуу сапаттуу байланышсыз жана тез мобилдик интернетсиз толук болбойт. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору Ысык-Көл облусундагы тармактын сапатын жакшыртып, туристтик сезонду толук даярдыкта тосуп алды.

Компания байланыш инфраструктурасын кеңейтүү жана өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде Ысык-Көлдө базалык станцияларды модернизациялоо боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. Демек, Beeline абоненттери Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернетти колдонуп, ыңгайлуу шартта эс ала алышат!

Байланыш тармагындагы дүйнөлүк лидер Ookla компаниясынын көз карандысыз изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Beeline Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча лидер бойдон калууда. Көрсөткүчтөр популярдуу Speedtest тиркемеси аркылуу өлкө боюнча колдонуучулар тарабынан өлчөнөт. Айтмакчы, Ысык-Көлдүн курорттук аймактарында Beeline компаниясынан 4G интернет ылдамдыгын өлчөө эң сонун натыйжаларды көрсөтөт!

Уюлдук оператор муну менен токтоп калбайт жана тармактын сапатын өркүндөтүүнү улантат. Туристтик сезондун кызуу мезгилинде Ысык-Көл облусу — артыкчылыкка ээ болот.

«Мобилдик технологиялар биз күнүмдүк түйшүктөрдөн тыныгуу алганыбызда да жашоонун маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Beeline Ысык-Көлдөгү эс алууңуз ишенимдүү байланышуу жана жогорку ылдамдыктагы интернет-байланыш менен мындан да ыңгайлуу болушуна кам көрдү. Бул абдан ыңгайлуу, анткени каалаган музыканы угууга, кызыктуу фильмдерди жана сүйүктүү сериалдарды көрүүгө, керектүү маалыматты табууга же соцтармактарда кереметтүү Ысык-Көл пейзаждарынын фонунда тартылган жаңы контент менен бөлүшүүгө болот. Beeline менен жайкы таасирлер мындан да жаркын жана кызыктуу болот!», — дейт Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!

  • 2024-жылдын 1-кварталындагы Кыргызстандагы жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® анализинин негизинде. Ookla® товардык белгилери лицензия боюнча колдонулат жана уруксат боюнча кайра басылып чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE