Ысык-Көлдө 94 млн сомго салынган мектеп ишке берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-август күнү Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар старт алды.

Бул датага арналып, өлкөдө 100 ири объекттин ачылышы болуп өттү. Анын ичинде цемент завод, электр станциялар, мектептер, бала бакчалар жана башка долбоорлор ишке ашты.

100 объектинин бири Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылындагы А.С Пушкин атындагы 2 кабаттуу мектеп. Мында 275 бала окуса, 82 мугалим билим берет. Мектеп керектүү шаймандар менен жабдылып, бардык шарттар түзүлгөн.

1-2-кабатта 7ден окутуучу бөлмө бар. Бардык шарттары менен ашкана, спорт зал (жуунучу жайы менен) бар. Көмүр менен жылытууга ылайыкталган. Суу түтүкчөсү киргизилген. Мектеп ичинде өрткө каршы сигнализациялары орнотулган. Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери 100 пайыз аяктады.

Мектеп 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, тендердик баасы 94,8 млн сомду түздү.

Курулушту «Строймебсервис» ЖЧКсы колго алган.

Пример HTML-страницы

Юстиция министрлигин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Строймебсервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү —Абдыкадыров Манас Абдиллажанович. Компания 2014-жылы 21-майда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: кеңселер жана соода ишканалары үчүн эмерек өндүрүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️