Ысык-Көлдө 80 жашын белгилеген аксакал күтүүсүз окуяга кабылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 80 жаштагы тургуну Салбар Айдаралиев үй-бүлөсү менен башпаанексиз калды.

Салбар Айдаралиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргендей, 2024-жылдын 5-ноябрында 80 жашка чыккан. Ошол түнү күтүүсүз жерден алардын үйүн тилсиз жоо каптаган.

«Балдарым жана неберелерим болуп чечинип уктаганы жатканбыз. Бирок уйкуга бата элек болчубуз, өрт чыгары менен баарыбыз сыртка атып чыктык. Эгер уктап калганыбызда баарыбыз өлмөк экенбиз. Анан өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, электр эсептегичтерди өчүрдүк, кошуналар жардамга келишти. Түнкү саат 03:00гө чейин кошунанын үйүндө башыбызда шапкебиз, бутубузда гөлөч жок отурдук.

Жаман да болсо өзүмдүн үйүм бар эле, былтыр эле жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, кышкыга камылгабызды көрүп жатканбыз. Азыркы тапта бала бакырам менен ангарда жашап жатабыз. Тегерегинин баары темир, асты цемент. Неберелериме суук жерде сыз өтүп, ооруп да жатышат. Кимде кимдин мүмкүнчүлүгү болсо, жардам сурайм», — дейт Салбар аксакал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️