Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 400гө жакын жаш өспүрүм катышкан иш-чарада концерттик программа тартууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ысык-Көл районунда жаш өспүрүм балдардын маанайын көтөрүү максатында салтанаттуу иш-чара уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, иш-чарага Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Калыбек Жумадылов жана анын орун басары Айзат Исаматова катышып, балдарга жаркын келечек каалашты.

400гө жакын жаш өспүрүм камтылган иш-чарада чакан концерттик программа тартууланып, балдардын катышуусунда оюн-зооктор уюштурулуп, белектер жана акысыз балмуздактар таратылды. Аталган иш-чарага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, ата-энесинин камкордугунан ажырагандар мектептерде мыкты окуган, аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE