Ысык-Көлдө 3 айылдагы милиция бөлүмүнүн жаңы имараты курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы 3 айылда милиция бөлүмүнүн жаңы имараттары курулуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараттары Пристань Пржевальск, Дархан жана Ананьев айылдарында курулууда. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаев жетектеген ардагерлердин тобу курулуш иши менен таанышты. Алар бул объектилердин аймактагы коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуудагы маанисин белгилешти.

Ардагерлер курулушка катышкан мекемелерге жана куруучуларга ыраазычылык билдирип, колдоо иретинде ысык тамак уюштурушту.

Аталган курулуштар Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 курулуш объектиси долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️