Ысык-Көлдө 3 ай ичинде 29 мал уурулук фактысы катталды

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында 3 ай ичинде 29 мал уурулук фактысы катталып, анын 20 учуру милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагында облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жуманын дем алыш күндөрү өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын учурунда милициянын 7 посту уюштурулган. Анда кызмат өтөшкөн 156 милиция кызматкери, Каракол жана Токмок шаарларындагы мал базарларына 162 автоунаалар мал ташууга жана башка уруксат берилүүчү иш кагаздар текшерүүдөн өттү.

Текшерүү учурунда мал ташып бара жаткан 36 адамда тийиштүү уруксат кагаздары жанында жок болгондуктан алар жашаган жерлерине кайтарылышып, ал жерден жеригилитүү бийлик органдарынан жана ветеринардык кызматтардан, чындап малдарга тийешелүү экендиги текшерилди.

Профилактикалык рейд учурунда иш-чарага тартылган милиция кызматкерлери мал базарлардын жана мал жандыктарынын ээлери менен кезигишип, малдардын тийиштүү кагаздарын текшерүүдөн өткөрүп турушун эскертишти.

Жүргүзүлүп жаткан рейддик-профилактикалык иш-чаралардын аркасында мал уурулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мал уурулукту алдын алууга жана азайтууга багытталган мындай ыкчам-профилактикалык иш-чараларды ар дайым өткөрүп турмакчы.

Учурда мал уурулук айыл тургундарынын эң курч көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Анткени элеттиктерге мал-жандык күнүмдүк жашоонун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналгандыктан, мал уурулуктун кесепетинен, турмуштун оор шарттарына батып калышы мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️