Ысык-Көлдө 197 дарыгер жетишпейт. Кайсы адистерге талап күч?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда. Бул тууралуу кечээ, 26-июлда 6 айдын жыйынтыгы чыгарылган облустук коллегияда айтылды.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө облус аймагында 197 дарыгер жетишсиз болуп жатат. Алардын басымдуусу үй-бүлөлүк дарыгелер, анестезиолог жана акушер-гинекологдор.

Дарыгерлер өзгөчө Түп, Тоң жана Ак-Суу районунда жетишсиз болууда.

2024-жылдын 7-февралында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн коллегиялык жыйында Ысык-Көл облусу боюнча 188 дарыгер жетишпей жатканы айтылган.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева көйгөйдү чечүү максатында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору менен 2 жана 3 жылдык ординаторлорду Ысык-Көл облусуна жиберүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген. Ал 50 ординатор 9 миң айлык маяна менен эмгектенип жатканын кошумчалаган.

Пример HTML-страницы

«Мындан тышкары жаш дарыгерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасы менен жыл аягында ар бирине бир жолку акчалай каражат катары 10 000 сомдон тапшырылып, жалпы 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн», — деген Султанбаева.

Ал жаш дарыгерлерге жана жаш мугалимдерге жеңилдетилген шартта насыя бөлүп берүү жагы каралып жатканын айткан. Ошондой эле жаш ординаторлорду колдоо иретинде каражат бөлүнүп, ар бир жергиликтүү бийликке тапшырма берилген. Бирок ординаторлорду колдоо боюнча каражатты Балыкчы шаары гана бөлүп, калган район-шаарлар аткара электигин айтып өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️