Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 18 миң сомдук бир баш кой мастерди сотко «сүйрөдү»

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы опузалап талап кылууга айыпталган жарандын иши боюнча келтирилген апелляциялык сунуштун негизинде ишти карап, 2024-жылдын 24-апрелинде аныктама кабылды алды.

Жети-Өгүз райондук сотунун токтомуна карата апелляциялык сунушту Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары А.К.М. келтирген.

Айыпталуучу Анарбек (аты-жөнү өзгөртүлдү, А.А.) үй-бүлөлүү, билими жогорку, мурда соттолгон эмес.

Токтом боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмү (жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен, бирөөнүн мүлкүн, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо менен опузалап талап кылуу) менен айыпталган Анарбек тууралуу кылмыш иш сотто жоюуга мүмкүн болбогон мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн көзөмөл жүргүзгөн Жети-Өгүз районунун прокуроруна кайтарылып берилүүсү, жактоочу Б.А.нын өтүнүчүнүн канааттандырылуусу, Жети-Өгүз райондук сотунун айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндөгү токтому алынып салынуусу көрсөтүлгөн.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Анарбек 2016-жылдын 5-августунан тартып ишканада май куюучу жайдын жана оор техникаларды майлоочу мастери кызматында иштеп жүрүп, анын кол алдында май куюучу станциянын оператору болуп иштеп жүргөн, Тариэлге (аты өзгөртүлдү, С.Т.Д.) башка орунга, тактап айтканда майлоочунун жардамчысы кызматына сунуштаган. Ошондой эле, кызмат ордун жакшырткандыгы үчүн андан 2023-жылдын апрель айында бир баш кой опузалап, 2023-жылдын 23-апрель күнү болжол менен саат 11:00 чамасында базар баасы 18000 сомдук бир баш койду өзүнүн баласы Б.Т. жана Н.Т. аркылуу алган.

Райондук сот тарабынан жогорудагыдай токтом чыгарылган.

Токтомго макул болбой Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары А.К.М. апелляциялык сунуш келтирген. Анда сот мыйзамдын талаптарын бузуу менен кылмыш ишти прокурорго кайтарганын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 300-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык сот ишти прокурорго жиберүүдө ар бир айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечет деп көрсөтүлгөнүн, бирок айыпкердин бөгөт коюу чарасы чечилбегенин, ошол эле учурда айыпкерди жумуштан убактылуу четтетүү жөнүндөгү чечимине өзгөчө көңүл бурулуп жокко чыгарылганын, Анарбекке айыбы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмү менен угузулганын, анда материалдык зыяндын өлчөмү таасир тийбей тургандыгы көрсөтүлүп турганын, сот белгисиз себептерден улам айыпкердин кызыкчылыгы менен чечим кабыл алган деп эсептерин көрсөтүп, райондук соттун токтомун жокко чыгарып, ишти ошол эле соттун башка соттук курамына кайра кароо үчүн жиберүүнү сунуштаган.

Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы иштин ичиндеги материалдарды текшерип, апелляциялык сунуштун жүйөөлөрүн талкуулап, ишти кароодо аныкталган жагдайларга баа берип, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарды:

Жети-Өгүз райондук сотунун Анарбек жөнүндөгү токтому өзгөртүүсүз калтырылды.

Апелляциялык сунуш канааттандыруусуз калтырылды.

Аныктама жарыяланган мезгилден баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE