Ысык-Көлдө 15 үй-бүлөнүн балдары мектепке каттаган жолдогу көпүрөнү сел алып кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы көпүрөнү сел алып кетти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, көпүрө айылдын үстүңкү аймагында, Түлөкабыл ата көчөсүнө өтүүчү жолдо жайгашкан.

«Эми ал жердеги 15 үй-бүлөгө кыйынчылыктар жаралат. Көпүрө аркылуу бала бакчага, мектепке балдар өтүп келген. Алар айланып, узак жол менен келүүгө туура келип, эртең менен кыйын болот», — деди жашоочулар.

Көпүрө 2018-жылы жергиликтүү бийликтин өтүнүчү менен жол жасап жаткан компания тарабынан салынып берилген.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, учурда жарандык коргоо комиссиясы айыл ичинде 14 акт түзүштү. Анда сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна, бакчаларына кирген. Алардын ичинен эки турак үйгө жардам керектиги аныкталды.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле сел суулары мектептин эски имаратынын жер төлөсүнө, спорт залына кирген.

Кечээ, 18-августта кечинде Ысык-Көл районундагы айылдарда сел жүрдү. Райондун аймагында өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Корумду, Булан-Сөгөттү, Темир айылдарындагы турак үйлөрдү, ошондой эле «Аврора», «Аврора+», «Нептун» жана «Семирам» пансионаттарынын аймагын суу каптады.

Ысык-Көл районунда жалпы 380 үй, 11 дүкөн, 5 эс алуу жайын, 13 чакырым ички жол, 1 чакырым негизги унаа жолу жабыркады.

Жети-Өгүз жана Тоң районун аймактарында да сел жүрдү. Тоң районунда сел суулары Кескен-Бел ашуусундагы, тактап айтканда Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун тилкесиндеги каттамды үзгүлтүккө учуратты. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында сел турак үйдү кыйратып, кашарды кыян суу каптады.

Селдин кесепетинен бир нече унаа жолу жабылды. Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Нөшөрлүү жаандан кийин Ысык-Көлдүң өңү жашыл болуп калды.

Буга чейин Кыргызгидромет өлкөнүн аймагында 17-августтан тарта 19-августка чейин аба ырайы туруксуз болорун билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️