Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк жаңжал учурунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-июнда Жети-Өгүз районунун айылдарынын биринде жубайлардын үй-бүлөлүк чырынан кийин күйөөсү каза болуп, аялы камакка алынды. Бул тууралуу айыл тургундары маалымдады.

Маалыматка караганда, аялы үй-бүлөлүк жаңжал учурунда жолдошун бычак менен сайып жибергени айтылууда.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБден адам өлтүрүү фактысы болгондугун тастыкташты. 4- июнь күнү Жети-Өгүз РИИБге айылдардын бириндеги үйдө 1980-жылы туулган адам каза тапканы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ал жерге ыкчам тобу барып, маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери аныкталган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122 беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде каттоого алынган. Кылмышка шектүү катары маркумдун 1979-жылы туулган аялы кармалган.

Учурда соттук эспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE