Ысык-Көлдүн жээгиндеги кум кайсы жакка ташылып кеткен? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургундары көл жээкте чоң унаа менен кум ташылып жатканын айтып, видео тартышкан.

Анда тургундар көл жээгиндеги кум ташылып жатканын айтып, жаратылышты бузбоого чакырышкан.

Бул факт боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн үн катышты.

«Окуя мындан 20 күн мурун катталган. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү түшүндүрмө беришти. Анда балдардын эс алуу лагериндеги кичи футбол аянтчасы үчүн «Howo» үлгүсүндөгү 4 унаага кум алынган. Анын орду ноябрь айынын башында калыбына келтирүү иштери жүрүп, иретке келтирилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️