Ысык-Көлдүн жээгинде суу аттракциондорун көзөмөлдөөнү күчөтүп жатышат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте аймактын пляждарындагы суу аттракциондорунун ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Маалым болгондой, бул демилге туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга жана экологиялык стандарттарга жооп берүүгө багытталган.

«Иш чаранын негизги максаты — кайыктарды, моторлуу кайыктарды, катерлерди, скутерлерди жана башка суу аттракциондорун тиешелүү уруксат документтери жок мыйзамсыз эксплуатациялоону аныктоо жана бөгөт коюу, кызмат көрсөтүүгө уруксаттардын болушун текшерүү, ошондой эле кеме билеттеринин жана чакан кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктөрдүн болушун көзөмөлдөө. Бул чаралар суудагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл.

Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чечимине ылайык, пайдаланууга убактылуу токтотулган парашют аттракциондоруна өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун туристтик индустриясындагы коопсуздуктун жогорку стандарттарын жана мыйзамдуулукту сактоо максатында суу аттракциондорун контролдоо боюнча иштер алдыда да улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️