Ысык-Көлдүн жээгинде парашюттар менен эс алууга тыюу салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 20-июль күнү Ысык-Көлдөгү милиционерлер «Три короны» пансионатындагы көл жээгинде парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салышты.

Маалым болгондой, аталган факт Ысык-Көл РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл облусунун жетекчилиги парашюттарды колдонуу аттракциондоруна убактылуу тыюу салынган.

Милиция кызматкерлери пляждарда коопсуздукту камсыздоо максатында аталган чечимдин аткарылышын көзөмөлдөп жатышат.

Буга чейин 12-июлда Turmush Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында «Солнечный берег» эс алуу жайында эркек киши өспүрүм бала менен бакка кыпчылып калганын жазган. Анда өспүрүм эс алуучу жана парашют башкарган жаран бакка илинип калганы, ошол жердеги жарандардын жардамы менен түшүрүлгөнү аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️