Ысык-Көлдүн жээгинде милиция кызматкерлери улуттук кийим кийип, «Ыр кесе» өткөрүштү 

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Ыр кесе» эстафеталык маданий иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле күчтүү жана гүлдөгөн мамлекетти куруу аракетинде жарандарды бириктирүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов жана башка коноктор катышты.

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардык катышуучуларды 1-ноябрь келе жаткан милиция күнү менен куттуктады. Ал Кыргыз милициясынын 100 жылдык юбилейинин өлкө тарыхындагы маанилүү этап катары маанисин баса белгиледи.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев да чогулгандарды куттуктап, укук коргоо органдары менен калктын ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал белгилегендей, мындай иш-чаралар милицияга болгон ишенимди калыптандырууга жана жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пример HTML-страницы

Иш-чарада милиционерлер кыргыз элинин бай маданиятын көрсөтүштү. Коноктор «Манас» эпосундагы театралдаштырылган сахналардын шаңына бөлөнүп, обон-бий менен ырахаттанып, ошондой эле улуттук оюндар аркылуу каада-салттарга жана үрп-адаттарга кубаныч менен күбө болушту. Бул иш-чаралар көңүл ачууга гана эмес, маданий мурастарды сактоого жана жайылтууга өбөлгө түздү.

Алар майрамдын башында этникалык кийимдер менен чыгышып, андан кийин заманбап милиция формасына өтүштү.

Бул иш-чара аймактын маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, тарыхый мурастын азыркы коом үчүн маанилүүлүгүн эске салды. Мындай түрдөгү маданий иш-чаралар укук коргоо органдарынын позитивдүү имиджин түзүү жана алардын жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга көмөктөшүү менен коомдун биримдигин бекемдөөгө жардам берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️