Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн тургундары Дубайда жашаган миллиардердин кортежи делген унааларды видеого тартышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун тургундары Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуровду коштоп жүрөт делген кортежди видеого тартып алышкан.

Буга чейин Павел Дуров Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат пайда болгон. Аны Ысык-Көлдө күбөлөр көрүшкөн.

Сүрөттө Дуров орусиялык блогер Гусеин Гасановдун коштоосунда сейилдеп баратканын көрүүгө болот. Белгилей кетсек, Хасановдун социалдык түйүндөрүндө Ысык-Көлдүн сүрөттөрү да жарыяланган.

Буга чейин Дуров Борбор Азия өлкөлөрүнө бара турганын жазган: «Мен өзгөчө жерлердеги биздин колдонуучулар менен жолугуп, иштөөнү улантып жатам. Ушул жайда мен Борбор Азияга барып, ал жакта жашоо кандай экенин көрүп, адамдар Telegram’ды кантип колдонорун жана алардын санариптик муктаждыктарын изилдөөнү чечтим».

Социалдык тармактардын колдонуучулары Дуровдун Кыргызстанга сапарын Ысык-Көл тоолорунда француздук Société des Trois Vallées (S3V) компаниясынын катышуусунда «Үч чоку» лыжа кластерин түзүү боюнча «Кыргыз Куршевель» долбоорунун түзүлүшү менен байланыштырышууда.

Ысык-Көлдө «Үч чоку» долбоору тааныштырылды. Ал жакка эмнелер курулат?

«Үч чоку» долбоору Боз-Учук, Ак-Булак жана Жыргалаң айылдарындагы үч чокуну камтыйт. Бул Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан.

Россиялык Forbes буга чейин Россиядагы 125 миллиардердин рейтингин көрсөткөн [Forbes Rating — 2024]. Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров 15,5 миллиард доллар байлыгы менен 8-орунда турат.

«РБК» Telegram негиздөөчүсү 2013-жылы Сент-Китс жана Невис федерациясынын, ал эми 2021-жылдын күзүндө Франциянын жарандыгын алганын жазган. Акыркы жылдардан бери ал Дубайда жашайт, Telegram’дын башкы кеңсеси ушул жерде жайгашкан. 2022-жылдын апрель айында Forbes ишкердин аны россиялык бизнесмен деп атабоо өтүнүчү тууралуу билдирген. «Павел Россиядан көп жыл мурун кеткен жана кайтып келүү планы жок»», — деген анын өкүлү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE