Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында район боюнча эң чон футбол аянтчасы курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Шайыбек-Ата айыл аймагына караштуу Сары-Ой айылында район боюнча эң чон футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, футбол командасы негизделгенден тарта Чолпон-Ата шаарындагы же жакынкы айылдардагы футбол аянтчаларына барып машыгып келишкен.

Жаш муундун спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында республикалык бюджеттен жана өнүктүрүү фондунан акча каражаты бөлүндү. Курулуш иштерине жалпы 10 млн сом сарпталган.

Сары-Ой айылындагы заманбап футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Анда футбол аянтчасынын курулушуна көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️