Ысык-Көлдүн Корумду айылында сел жүрүп, 145 эс алуучу куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Корумду айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 5-июль күнү саат 20:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Корумду айылындагы «Нептун» пансионатынын жанында жайгашкан каналдагы көпүрөдөн суу ашып, пансионатты каптап жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Жерине Ысык-Көл району боюнча ӨКБдан 15 куткаруучу, 2 мотопомпа, РИИБден 10 кызматкер, жергиликтүү башкаруу органдарынан 30 кызматкер жана 2 экскаватор менен 3 жүктөгүч, ошондой эле жергиликтүү тургундардан 50 адам 2 мотопомпа менен тартылып, аталган пансионатта эс алып жаткан 145 адамды убактылуу коопсуз жайга көчүрүшкөн.

Тартылган күч жана каражаттардын жардамы менен каналдын жээктери бекемделип, нугу сел калдыктарынан тазаланган. Ошондой эле Корумду айылындагы суу кирген 5 турак үйдүн анын ичинен 3 турак үйдүн жана 1 дүкөндүн жер төлөсүнө кирген суу сордурулуп берилген. Коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандар кайрадан «Нептун» пансионатына жайгаштырылып, иш-чара толугу менен аяктаган.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы сел Балыкчы—Бѳкѳнбаев—Каракол унаа жолунун 98-102-106-чакырымдарын аралыгын каптап, унаа жолго кум жана ылай түшкөнүн жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️