Ысык-Көлдүн борборунда 25 метрлик туу көтөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чара өтүп жатат.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, анын алкагында борбордук аянтта 25 метрлик туу көтөрүлдү. Иш-чарага президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Каракол шаарынын мэри Фархат Алжамбаев, облустук, шаардык түзүм, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана аскерлер катышууда.

25 метрик флагштокту орнотууга Түркияда эмгектенген кыргыз ишкерлери демөөрчүлүк кылганы айтылды. Туу Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Каракол шаарынын 155 жылдыгына карата орнотулду.

Ошондой эле 2023-жылы Астана шаарында өткөн бокс боюнча Азиянын чемпиону, Армения мамлекетинде өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатынын алтын байгесинин ээси, 2024-жылы Казакстанда өткөн бокс боюнча Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси жана Черногорияда өткөн бокс боюнча дүйнө чемпонатынын коло байгесинин ээси, Кыргыз Республикасынын спорт чебери Амантур Жумаевди жана машыктыруучу Бейшенбек Сабатаровду тосуп алуу аземи өттү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️