Ысык-Көлдүн үстүндөгү көрүнүш эс алуучуларды чочулаткан. Адистер сууну текшерүү үчүн үлгү алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында көл суусунан анализ үчүн үлгү алынды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, кечээ, 6-сентябрда адистер көл жээктен суудан анализ жүргүзүү үчүн үлгү алды. Анын жыйынтыгы менен маалымат берилет.

Буга чейин Turmush 5-сентябрь күнү Каракол шаардык пляжында көл үстүндөгү көрүнүш эс алуучулады чочулатканын жазган.

Алардын айтымында, көл үстүндө май сыяктуу кирлер жээктен сүзүп келди.

«Жээкте кемелер тургандыктан алардан май аккан жокпу? Же көлгө кир суу кошулуп кеткенби? Атайын эс алганы келип, май менен кирден улам көлгө түшпөй калдык. Шаардык пляждын сол тарабынан агып келип, экинчи тарапка өтүп жатат», — деген алар.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында көл жээкте катер жарым жартылай көлгө чөгүп, мотор майы көлгө куюлганын жазган.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, эртең мененки толкун учурунда жээкте токтоп турган «Алтын көл» катеринин мотордук отсегине суу толуп, андагы майлар көлгө чыгып турган.

Жеринде туристтик-экологиялык милиция, мамлекеттик жер жана суу инспекциясы, райондук ички иштер бөлүмү, прокуратура, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан турган комиссия иш алып барган.

«Көлгө аралашып кетпеш үчүн аккан майды атайын унаа менен сордуруп жатабыз. Азыркы тапта бир унаа сорду, дагы экинчи унааны сордурабыз. Көл үстүнөн анализдер алынды. Анализдин жыйынтыгы менен катер ээсине айып пул салынып, тийиштүү иш-чаралар жүрөт», — деген Ысык-Көл райондук техникалык-экологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Нурлан Жолдошбаев.

Катер ээси 1991-жылы туулган тургун экени маалым болгон.

Аталган факт катталганын жана териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️