Ысык-көлдүк Жылдыз Кыдырова токуган оюнчуктарды Америкага чейин алып кетишкен

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Жылдыз Кыдырова балдардын жумшак оюнчуктарын жасап, аны сатуудан киреше таап жатат. Уз айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Жылдыз Кыдырова 1994-жылы туулган. Мектепти аяктагандан кийин эсепчи кесибинин ээси болгон. Эне болуу ага балдарды кубанткан иш менен алектенүүгө түрткү болду.

«Оюнчуктарды жасоо менин хоббим десем болот. Алгач бала менен декретте олтурган кезде жасап калдым. Интернеттен карап, ал жерден идеаларды алып жасап баштадым. Оюнчук жасоо менин ички дүйнөмө башкача сезим алып келет. Ал кимдир-бирөөгө кубаныч алып келген оюнчук болсун деп жасайм. Бир оюнчукту жасоого кичине болсо жарым күн, чоң болсо 2 күнгө чейин убакыт кетет», — дейт ал.

Жылдыз акыркы 4 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Оюнчукту жасоого жиптерди Бишкек шаарынан жана Караколдон алат. Алардан токуган куурчактар 200 сомдон 1500 сомго чейин бааланат.

«Алгач тааныштар алса, учурда атайын буюртма берген кардарлар бар. Ошондой эле Каракол туристтик шаар болгондуктан чет жерден келген меймандар сатып алат. Мисалы, оюнчугумду Лондон шаары, Улуу Британия, Америкадан келген туристтер сатып алып кетишкен. Негизи колго жасалган эмгек баары бир баалуу болот», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️